Башкы беткеПрезидентАт-Башы районун өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнөт

Ат-Башы районун өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнөт

Садыр Жапаров 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарында Ат-Башы районунун өнүгүү абалы жана келечектеги долбоорлор менен таанышты.

Маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдары райондо жалпы суммасы 910,9 млн сом болгон 17 объект курулуп пайдаланууга берилди. Алардын ичинде мектептер, бала бакчалар, спорт залдар, административдик имараттар жана асфальт-бетон заводу бар.

Ошондой эле 68 чакырым жолго асфальт төшөлүп, эки көпүрө курулган.

Ирригация жана таза суу менен камсыздоо багытында да бир катар иштер аткарылып, бул тармактарга жүз миллиондогон сом жумшалган.

Районду өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлордун жалпы баасы 885 млн сомду түзөт. Алардын ичинде социалдык борборлор, медицина, спорт жана эс алуу объектилери бар.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дээрлик 1 млрд сом керек экенин белгилеп, келерки жылы Ат-Башы районуна ушундай көлөмдө кошумча каржылоо карап чыгууну тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар