Башкы беткеМинистрлер кабинетиМонголиянын коргоо министри расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди

Монголиянын коргоо министри расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди

Бүгүн, 25-июнда Батлут Дамба жетектеген Монголиянын расмий делегациясы иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, делегацияны «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн колбашчысы Талантбек Талипов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Монголиянын коргоо министри кыргызстандык кесиптеши Руслан Мукамбетов менен жолугушуу өткөрөт.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана коргонуу тармагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары, делегациянын сапар программасында Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине баруу, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрү жана башка аскердик объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышуу, ошондой эле бир катар маданий иш-чараларга катышуу каралган.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул сапар эки өлкөнүн достук мамилелерин жана аскердик кызматташтыгын мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар