Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Вице-премьери Дин Сюэсян менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки мамлекеттин лидерлеринин мурда жетишкен макулдашууларын ишке ашыруунун жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Эрлист Акунбеков бул анын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары катары Кытайга жасаган алгачкы жумуш сапары экенин белгилеп, Кыргызстан Кытай менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалай турганын билдирди.

Ал ошондой эле Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин ортосундагы өз ара ишенимге негизделген мамилелер эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарганын белгиледи.

Жолугушууда «Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан» темир жолунун курулушу, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы үчүнчү «Бедел» өткөрүү пунктунун ачылышы жана «Барскоон – Бедел – Учтурфан – Аксу» автожолунун курулушу өңдүү ири инфраструктуралык долбоорлор эки өлкөнүн транспорттук байланышын чыңдап, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Өз кезегинде Дин Сюэсян Кытай тарап Кыргызстан менен биргелешкен бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди. Ал Синьцзян-Уйгур автономдуу району аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана чек ара өткөрүү бекеттеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо Кытай үчүн маанилүү экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселелерди Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жакынкы жыйынында жана Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында конкреттүү документтерге кол коюу аркылуу ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар