Эл аралык деңиз уюму (IMO) Ормуз кысыгынын аймагында калып калган 11 миңден ашуун деңизчи үчүн эвакуациялоо планын ишке ашыра турганын билдирди. Уюмдун башкы катчысы Арсенио Домингес тараткан билдирүүгө ылайык, масштабдуу операция Иран, Оман жана аймактагы башка жээк мамлекеттери, ошондой эле АКШ жана деңиз ташуу тармагындагы өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөт.
Эл аралык деңиз уюму негизги максат деңизчилердин коопсуздугун камсыз кылуу жана дүйнөлүк соодадагы деңиз каттамдарынын үзгүлтүксүз иштешин сактап калуу экенин белгиледи. Ошол эле учурда эвакуациянын качан башталып, канча убакытка созулары азырынча так айтылган жок.
Ошондой эле Омандын деңиз бийлиги Эл аралык деңиз уюму менен биргеликте Ормуз кысыгында деңизчилерди коопсуз эвакуациялоо үчүн убактылуу деңиз коридорун ачарын маалымдады.
Маалыматка ылайык, АКШ менен Ирандын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Оман Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин эркин өтүшүн камсыздап, бул үчүн эч кандай төлөм алынбай турганы макулдашылган.
Буга чейин АКШ менен Ирандын делегациялары Швейцарияда Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган меморандумдун негизинде жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ормуз кысыгындагы коопсуз деңиз каттамын камсыздоо үчүн түз байланыш каналын түзүү тууралуу макулдашкан.



