Башкы беткеМинистрлер кабинетиАймактардагы асыл тукум чарбалардын ишмердүүлүгү жеринен текшерилди

Аймактардагы асыл тукум чарбалардын ишмердүүлүгү жеринен текшерилди

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кадамжай жана Ноокат райондорундагы асыл тукум чарбалары менен жеринен таанышышты. Жүргүзүлгөн иш сапардын алкагында мал чарбачылыгынын учурдагы абалына баа берилип, ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу, эпизоотиялык туруктуулукту сактоо жана асыл тукум иштерин өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Адистер жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн профилактикалык иш-чараларды өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Өзгөчө малдарды өз убагында эмдөө, ветеринардык-санитардык талаптарды так сактоо, ошондой эле малдарды идентификациялоо, чиптөө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерине көңүл бурулду.

Иш сапарынын жүрүшүндө асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири катары жасалма уруктандыруу технологиясын кеңири колдонуу маселеси дагы каралды. Адистердин айтымында, бул ыкма жогорку генетикалык сапаттагы тукум алууга, малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана породалык өзгөчөлүктөрүн жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле чарбаларда жасалма уруктандыруу аркылуу алынган торпоктордун өсүү жана өнүгүү көрсөткүчтөрү жакшы жыйынтык берип жатканы белгиленди.

Мындан сырткары, асыл тукум иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн зарыл болгон уруктук материал жана суюк азот жетиштүү көлөмдө камсыздалып жатканы айтылып, бул багыттагы иштерди дагы кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Иш сапарынын жыйынтыгында ветеринардык коопсуздукту чыңдоо, эпизоотиялык туруктуулукту сактоо, селекциялык иштерди системалуу жүргүзүү жана жасалма уруктандыруу технологияларын жайылтуу өлкөдө мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар