Башкы беткеПрезидентАк-Талаа районуна жалпысынан 92,7 млн сом инвестиция тартылган: Президент аймактын өнүгүү долбоорлорун...

Ак-Талаа районуна жалпысынан 92,7 млн сом инвестиция тартылган: Президент аймактын өнүгүү долбоорлорун укту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектеги ири долбоорлору менен таанышты.

Мамлекет башчысына райондун өнүгүүсү тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Камчыбеков маалымат берди.

Презентацияда акыркы жылдары райондо өндүрүш жана социалдык инфраструктура ырааттуу өнүгүп жатканы белгиленди. 2021–2025-жылдары мал союучу жайлар, сүт жана жүн кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, өнөр жай тармагына жалпысынан 92,7 миллион сом инвестиция тартылган.

Ошол эле мезгилде райондо үч мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт, райондук оорукана жана эки спорт залы пайдаланууга берилген.

Учурда 2025–2026-жылдарга карата жалпы баасы 2 миллиард сомдон ашкан 27 курулуш долбоору ишке ашырылууда. Алардын катарында үч бала бакча, спорт комплекси, Калкты тейлөө борбору, сегиз футбол аянтчасы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имараты, үч мектеп, музыкалык мектеп, санитардык-эпидемиологиялык борбор, Баетов жана Кайыңды-Булак айылдарынын ичүүчү суу тутумдары, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн административдик имараттар жана турак үйлөр бар.

Турак жай менен камсыз кылуу багытында да иштер жүрүүдө. Ас-Сафа фондунун колдоосу менен жалпы баасы 80 миллион сомдук социалдык шаарча курулуп, анын алкагында 72 үй-бүлө үчүн 18 турак үй салынып жатат.

Энергетика тармагында кубаттуулугу 1 мегаватт болгон «Тогуз-Булак» чакан гидроэлектр станциясынын курулушу жүргүзүлүүдө. Долбоордун жалпы наркы 105 миллион сомду түзөт.

Айыл чарбасын суу менен камсыздоого багытталган ири ирригациялык долбоорлор дагы сунушталды. Алардын ичинде 1 миллиард сомдук «Терек-Сай» жөнгө салуучу бассейни, 4 миллиард сомдук «Жаман-Даван» суу сактагычы жана 850 миллион сомдук «Курка» жөнгө салуучу бассейни бар. Бул объектилер миңдеген гектар сугат жерлерин суу менен камсыздап, аймактын азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле узундугу 221 чакырымды түзгөн Таш-Рабат – Казарман автожолунун курулушу райондун транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртып, Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолу менен байланышты чыңдоочу стратегиялык долбоор катары белгиленди.

Президентке Кош-Дөбө айылында 500 орундуу мектеп куруу, райондук оорукананы жана медицина кызматкерлери үчүн кызматтык турак жайларды салуу, Баетов айылындагы ички жолдорду, тротуарларды жана көчө жарыктарын жаңылоо, ошондой эле 150 орундуу кесиптик лицейдин жаңы имаратын куруу боюнча долбоорлор дагы тааныштырылды.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров бардык пландалган долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанисин белгилеп, алар Ак-Талаа районунун калкынын жашоо деңгээлин жакшыртууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикалык потенциалын чыңдоого кызмат кылышы керектигин айтты.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар