Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев Венгриянын элчисин кабыл алды

Адылбек Касымалиев Венгриянын элчисин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси Шандор Дорогини дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда өкмөт башчысы элчиге эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, аны Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Тараптар кыргыз-венгер кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, соода-экономикалык байланыштардын өсүп жатканын белгилешти. Ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкка көңүл бурулуп, Адылбек Касымалиев венгер тарапка жыл сайын кыргызстандык студенттер үчүн 200 окуу квотасын бөлгөн “Stipendium Hungaricum” программасы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, ал Венгрияны ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Өз кезегинде Шандор Дороги Кыргызстан жетекчилигине дипломатиялык ишмердүүлүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар