Башкы беткеПрезидентШКУнун расмий сайты Ысык-Көл эл аралык форумуна өзгөчө көңүл бурду

ШКУнун расмий сайты Ысык-Көл эл аралык форумуна өзгөчө көңүл бурду

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) катчылыгынын расмий сайты Кыргызстанда өткөн Ысык-Көл эл аралык форуму тууралуу маалымат жарыялап, уюмга мүчө өлкөлөр үчүн дагы маанилүү окуя катары белгиленгенин Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жазды.

Маалыматта 2026-жылдын 18–19-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган «Цивилизациялык бурулуш доорундагы тынчтык: келечекти бирге куралы» аттуу эл аралык форум өткөнү белгиленген.

ШКУнун расмий билдирүүсүнө ылайык, форумга уюмга мүчө мамлекеттерди кошкондо 17 өлкөнүн жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү жана бир катар эл аралык уюмдардын делегациялары катышкан.

Ошондой эле маалыматта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун форумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү келтирилип, мамлекет башчысы бул иш-чара цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүүдө жана маданий кызматташтыкты чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгилегени айтылган.

ШКУнун расмий сайты тарабынан форумга өзүнчө көңүл бурулушу анын эл аралык деңгээлдеги маанисин жана Кыргызстан көтөрүп жаткан демилгелерге дүйнөлүк кызыгуу артып жатканын дагы бир жолу тастыктады.

https://rus.sectsco.org/20260621/2393143.html

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар