Башкы беткеМаданиятАдабият алптары “Ала-Тоону” колдоого алышты

Адабият алптары “Ала-Тоону” колдоого алышты

Бүгүн, 25-июнда кыргыздын кашкөй таланттары: белгилүү акындар, жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнө келишип, “Ала-Тоо” адабий-көркөм журналын колдоо иретинде ар бири басылмага жазылышты.

Төлөгөн Мамеев, Асан Жакшылыков, Токтосун Самудинов,Тынчтыкбек Нурмамбетов, Жаңыбай Жамшитов, Курманбек Осмонов, Макелек Өмүрбай, ГүлзияУали, Абдиламит Матисаков, Карбалас Бакиров, Жедигер Саалаев, Атантай Акбаров, Садык Алахан, Меңди Мамазаирова, ТазагүлЗакирова, Камбаралы Оркошов, Муратбек Рысбеков, Кубанычбек Бакиев, Жыргалбек Касаболотов өңдүү эл акындары, эл жазуучулары, эмгек сиңирген маданият ишмерлери “Ала-Тоонун” жамаатына басылманын окумдуулугун арттыруу, кызыктуу кылуу боюнча кеп-кеңештерин беришип, соңунда жалпы окурмандарга кайрылуу жасашты.

Эмесе, улуттук адабиятыбыздын алптары баштаган улуу демилгени улантмак сизден, окурман!

Баарыбыз “Ала-Тоого” жазылалы!

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар