Башкы беткеМинистрлер кабинетиМинКаб Төрагасы «Бета» эл аралык компаниясы менен кызматташуунун келечегин талкуулады

МинКаб Төрагасы «Бета» эл аралык компаниясы менен кызматташуунун келечегин талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Бета» компаниясынын (эл аралык бренд «Beta») Директорлор кеңешинин Төрагасы Бешир Угурду кабыл алды.

Адылбек Касымалиев компаниянын жетекчилигине Кыргыз Республикасына көрсөткөн кызыгуусу жана эки тараптуу өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүү учурунда тараптар инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын кеңири талкуулашты. Тактап айтканда, аймактык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү, анын ичинде социалдык объектилерди долбоорлоо жана куруу маселелери каралды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар