Венесуэлада катталган күчтүү жер титирөөлөрдүн кесепетинен каза болгондордун саны 235 адамга жетип, 1,5 миңден ашуун киши жаракат алды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, учурда 157 адам дайынсыз болуп, издөө-куткаруу иштери уланууда.
Ла-Гуайра шаарынын тургундарынын айтымында, жер титирөөдөн кийин шаар дээрлик толугу менен кыйрап, аймак көрүстөндү элестеткен абалга келген. Ал эми өлкөнүн борбору Каракас шаарында көп кабаттуу турак жайлар кулап, бир катар имараттар олуттуу зыянга учурады.
Эске салсак, Венесуэлада катары менен магнитудасы 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки күчтүү жер титирөө катталган. Табигый кырсыктан кийин өлкө бийлиги өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.



