Башкы беткеМинистрлер кабинетиНоокенде жаңы медициналык бөлүм пайдаланууга берилди

Ноокенде жаңы медициналык бөлүм пайдаланууга берилди

Өткөн күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокен районунун Эргеш Алиев айыл аймагында жайгашкан Шамшидин Суеркулов атындагы жалпы дарыгердик практика борборунун Сакалды бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Жаңы медициналык мекеме республикалык бюджеттин эсебинен 79 миллион 319 миң сомго курулуп, заманбап медициналык талаптарга ылайык жабдылган. Борбордо дарылоо, төрөт, балдар, гинекология жана медициналык реабилитация бөлүмдөрү иштеп, калкка комплекстүү медициналык кызмат көрсөтүлөт.

Жаңы имарат Эргеш Алиев айыл аймагындагы 36 миң 979 тургунду сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздайт. Мурда эски имаратта жайгашкан бөлүмдүн жаңы шартка көчүрүлүшү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Адылбек Касымалиев айыл жерлеринде саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Айрыкча айыл жерлеринде медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Жаңы ачылган бөлүм калкка жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт», — деди ал.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы акыркы жылдары медицина кызматкерлеринин эмгек акысы бир нече жолу жогорулатылганын, жаш адистерди даярдоого жана айыл жерлерине тартууга мамлекеттик колдоо күчөтүлүп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Адылбек Касымалиев медицина кызматкерлерин жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, алардын жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар