Башкы беткеМинистрлер кабинети«Манас паркы» жаңыланып, жаңы 100 жумуш орун түзүлдү

«Манас паркы» жаңыланып, жаңы 100 жумуш орун түзүлдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде модернизацияланган «Манас паркындагы» аткарылган иштер менен таанышты.

Долбоордун алкагында парк толугу менен жаңыланып, 27 заманбап аттракцион, 9D кинотеатр, балдар жана спорт аянтчалары, воркаут зонасы, амфитеатр, кафе жана соода түйүндөрү курулду. Ошондой эле аймакка видеокөзөмөл системасы орнотулуп, жарыктандыруу жана сугат системалары толугу менен жаңыртылды.

Жаңыланган парк күнүнө 3 миңге чейин эс алуучуну кабыл алууга ылайыкташтырылган. Долбоордун ишке ашырылышынын натыйжасында 100 жаңы жумуш орду түзүлдү.

Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев мындай долбоорлор жарандардын эс алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүү менен катар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө да олуттуу салым кошорун белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар