Башкы беткеДүйнөЕвропада аптаптан каза болгондордун саны 1300дөн ашты

Европада аптаптан каза болгондордун саны 1300дөн ашты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесустун маалыматына ылайык, 21-июндан бери Европада катуу ысыктын кесепетинен 1300дөн ашуун адам каза болду. Учурда болжол менен 150 миллион адам аптаптуу абанын таасирин тартып жатат.

Анын айтымында, Франция, Испания, Италия, Улуу Британия, Германия жана башка өлкөлөрдө мектептер убактылуу жабылып, электр тармактары жогорку жүктөм менен иштеп жатат. Ошондой эле кондиционерлерге болгон суроо-талап 70 пайыздан ашык өскөн.

ДССУнун башчысы Европадагы турак жайлар, жумуш орундар жана билим берүү мекемелери мындай жогорку температурага ылайыкталып курулбаганын белгилеп, мамлекеттерди ысык абанын калктын ден соолугуна тийгизген таасирин азайтуу боюнча атайын иш-чараларды күчөтүүгө чакырды.

Адистердин белгилешинче, климаттын өзгөрүшү жана глобалдык жылуулуктун күчөшү Европада аптаптуу күндөрдүн көбөйүшүнө алып келүүдө. ДССУнун маалыматына ылайык, Европа азыр дүйнөдөгү эң тез ысып жаткан континент болуп эсептелет.

Францияда болсо акыркы күндөрү аптаптан каза болгондордун көбөйүшүнө байланыштуу маркумдарды тейлөө кызматтарынын иши да күчөгөнү маалымдалды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар