Башкы беткеМинистрлер кабинетиЫсык-Көлдө ышкыбоздук балык уулоонун төлөмү арзандатылат

Ысык-Көлдө ышкыбоздук балык уулоонун төлөмү арзандатылат

Президенттин Ысык-Көлдө балыкчылар менен жолугушуусунда берилген тапшырманы ишке ашыруунун алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөрдү төмөндөтүүнү караган токтом долбоорун иштеп чыгып, макулдашууга жөнөттү.

Долбоордун негизги максаты — балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Сунушталган жаңы тарифтер:

Ысык-Көлдө чабак, чабакча жана сазан балыктарын уулоо үчүн:

* 1 сутка — 313 сом;

* 2 сутка — 463 сом;

* 3 сутка — 613 сом.

Ысык-Көл жилингири балыгын уулоо үчүн:

* 1 сутка — 363 сом;

* 2 сутка — 563 сом;

* 3 сутка — 763 сом.

Токтом долбоору кабыл алынгандан кийин жаңы тарифтер күчүнө кирет. Бул өзгөртүү спорттук жана ышкыбоздук балык уулоону өнүктүрүүгө жана жарандар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар