Эл аралык O29 Production кинокомпаниясы Борбор Азиядагы жаңы бөлүмүн түзөрүн жарыялады. Компаниянын маалыматына ылайык, Keeoto Entertainment бренди менен иш алып бара турган жаңы борбордун штаб-квартирасы Кыргызстанда жайгашат.
Жаңы түзүм аймактагы кино өндүрүшүн өнүктүрүүгө, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө жана дүйнөлүк кино индустриясында колдонулган заманбап технологияларды киргизүүгө багытталат. Компания бул багыттагы өнүгүү стратегиясын 10 жылга эсептеген.
Долбоордун негизги багыттарынын бири Борбор Азиядагы таланттуу актёрлорду жана актрисаларды аныктап, аларды эл аралык кинодолбоорлорго даярдоочу атайын таланттар агенттигин түзүү болот.
Компаниянын маалыматына ылайык, анын долбоорлорунун жалпы маркетингдик жана өндүрүштүк потенциалы 2 миллиард АКШ долларынан ашат.
Алгачкы долбоор катары АКШ, Казакстан жана Кыргызстандын биргелешкен өндүрүшү болгон Road to the Dream аттуу кыска метраждуу тасма тартылат. Бул фильм келечекте толук метраждуу тасманы жаратуу үчүн негиз катары каралып, анын бюджети болжол менен 70 миң АКШ долларын түзөт.
Мындан тышкары, Skyscraper on an Uninhabited Island аттуу илимий-фантастикалык төрт бөлүктөн турган кинотасманын даярдык иштери башталды. Тасмалардын жалпы бюджети 1,3 миллиард АКШ долларына бааланууда. Биринчи бөлүгүнүн бюджети 50 миллион долларды түзсө, анын кыска метраждуу версиясына 130 миң доллар сарпталат. Тасманы АКШ менен Кыргызстанда тартуу пландалууда.



