Белгилүү кинооператор, режиссёр жана «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын мурдагы директору Сапар Койчуманов 67 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу киносынчы Гүлбара Төлөмүшова билдирди.
Маалыматка ылайык, Сапар Койчуманов акыркы жылдары жүрөк оорусу менен күрөшүп келген. Ал 2014-жылы инфаркт алып, жүрөгү кыска убакытка токтоп калган. Акыркы айларда ден соолугу кескин начарлап, дарыгерлер жүрөктүн клапандарын алмаштыруу боюнча оор операция жасоо зарылдыгын билдиришкен.
Сапар Койчуманов Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) оператордук факультетин аяктап, кыргыз кино өнөрүнө кырк жылдан ашуун өмүрүн арнаган.
Ал оператор-коюучу катары «Отрардын кыйрашы», «Бороондуу бекет», «Лейланын дубасы», «Бейиш куштары» сыяктуу белгилүү көркөм тасмалардын, ошондой эле «Алтын так» жана «Лидердин жолу. Оттуу дарыя. Темир тоо» аттуу тарыхый долбоорлордун тартылышына катышып, жалпысынан 30га жакын кыргыз жана казак кинотасмалары менен сериалдарына эмгек сиңирген.
Сапар Койчумановдун көзү өткөнү кыргыз кино өнөрү үчүн орду толгус жоготуу болуп калды. Анын чыгармачылык мурасы улуттук кинематографиянын өнүгүшүнө кошкон баалуу салым катары эсте сакталат.



