Бүгүн, 2-июлда Улуттук тарых музейинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана маданий ишмерлери — Касым Тыныстановдун 125 жылдыгына, Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган жаңы почта маркаларын расмий жүгүртүүгө чыгаруу жана биринчи күндүн атайын штемпели менен мөөр басуу салтанаты өтту.
Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен «Кыргыз почтасы» ААКнын демилгеси астында уюштурулуп, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурасын даңазалоого, филателияны өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин көрүнүктүү инсандарынын элесин түбөлүккө калтырууга багытталган.
Салтанатка Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков жана «Кыргыз почтасы» ААКнын Башкы директору Марат Черикчиев катышты. Алар мындай залкар инсандардын мурасын эскерип-урматтоо өлкөнүн маданий баалуулуктарын сактоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Иш-чарага улуу инсандардын урпактарынын катышуусу ага өзгөчө маани берди. Биринчи күндүн эстелик конверттерине атайын штемпель менен балеринанын уулу Эрмек Бейшеналиев менен көрүнүктүү окумуштуу жана агартуучу Касым Тыныстановдун небереси Теңдик Тыныстанов мөөр басты.



