Башкы беткеЭкономикаМарат Черикчиев: "Почта Банкы" 2027-жылдын биринчи кварталында иштеп баштайт

Марат Черикчиев: “Почта Банкы” 2027-жылдын биринчи кварталында иштеп баштайт

“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнө курган маегинде Кыргызстанда түптөлүп жаткан “Почта Банкы” качан иштеп баштаары тууралуу кенен айтып берди.

Чеикчиевдин белгилөөсүндө, санариптик кызматтар менен накталай эмес төлөмдөрдүн өнүгүшүнө байланыштуу кардарлардын басымдуу бөлүгү банк тейлөөлөрүнө өткөн. Ошого карабастан, “Кыргыз почтасы” өлкөнүн алыскы аймактарындагы тургундарга пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү жеткирүүнү улантып келет.

“Почта Банкынын” түзүлүшү – компаниянын өнүгүүсүндөгү жаңы этап. Долбоор европалык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылып, “Кыргыз почтасы” анын акционерлеринин бири болот.

Банктын ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берүүчү лицензиясы 2026-жылдын аягына чейин алынат. Ал эми «Почта Банкы» 2027-жылдын биринчи чейрегинде ишке киргизүү мерчемделүүдө.

Ошондой эле Марат Черикчиев жаңы банк иштеп жаткан коммерциялык банктар менен атаандашууну эмес, өлкөнүн аймактарында финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү көздөөрүн баса белгиледи. Негизги басым айыл жерлеринде жана алыскы калктуу конуштарда жашаган жарандарга заманбап банктык жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жасалат.

“Биздин максат — эң алыскы айылдардын тургундарын дагы заманбап финансылык кызматтар менен камсыз кылуу. Келечектеги “Почта Банкынын” урааны “Ар бир айылда банк” болот, — деди Марат Черикчиев.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар