Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, алдыдагы жылытуу мезгилинде негизги жана көмөкчү жабдуулардын ишенимдүү, үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.
Учурда ЖЭБдеги казандар менен турбиналар капиталдык оңдоодон өтүп, эскилиги жеткен тетиктер жаңыланууда. Адистердин айтымында, техникалык диагностикалоо жана оңдоо иштери жабдуулардын натыйжалуулугун жогорулатып, алардын туруктуу иштөөсүнө шарт түзөт.
Муниципалитет белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан иштер жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз өндүрүүгө, ошондой эле жылытуу мезгилиндеги эң жогорку жүктөм учурунда борбор калаанын тургундарын ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.



