Башкы беткеЭкономикаКыргызстанда макулатураны сыртка чыгарууга тыюу дагы алты айга узартылды

Кыргызстанда макулатураны сыртка чыгарууга тыюу дагы алты айга узартылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев макулатураны жана кайра иштетүүгө жарактуу кагаз-картон калдыктарын Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу тууралуу токтомго кол койду.

Документке ылайык, чектөө дагы алты ай күчүндө болот. Тыюу ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) 4707-кодуна кирген макулатурага жана кагаз-картон калдыктарына тиешелүү.

Ошол эле учурда бул чектөө Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү транзиттик жүктөргө жана Министрлер кабинети тарабынан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамга колдонулбайт.

Токтомго ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги бул чечим тууралуу Дүйнөлүк соода уюмун жана Евразия экономикалык комиссиясын, ал эми Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетин расмий түрдө маалымдайт.

Мындан тышкары, Бажы кызматы менен Чек ара кызматына макулатураны жана картон калдыктарын мыйзамсыз өлкөдөн алып чыгууга бөгөт коюу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар