Башкы беткеЭкономикаГЭС-3төгү №1 гидроагрегат капиталдык оңдоодон өтүүдө

ГЭС-3төгү №1 гидроагрегат капиталдык оңдоодон өтүүдө

“Чакан ГЭС” ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында ГЭС-3төгү №1 гидроагрегатты капиталдык оңдоодон өткөрүүдө. Бул тууралуу “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттер менен жолугушуусунун жүрүшүндө билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин жүрүшүндө гидроагрегаттын негизги түйүндөрү жаңыланып, техникалык абалын жакшыртууга багытталган иштер аткарылууда. Анын негизги максаты — жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, кызмат мөөнөтүн узартуу жана жогорку жүктө

м мезгилинде энергетикалык системанын туруктуу ишин камсыз кылуу.

Учурда агрегаттын бир катар маанилүү бөлүктөрү оңдолуп, жаңыртылды. Капиталдык оңдоо иштерин “Азия ГРЭС” ЖЧКсы жүргүзүп жатат. Жумуштар бекитилген графикке ылайык 2026-жылдын 28-июлуна чейин аяктайт.

Белгилей кетсек, №1 гидроагрегат акыркы жолу 2020-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Бүгүнкү жаңылоо иштери ГЭСтин ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар