Башкы беткеЭкономикаТоктогул суу сактагычында 10,2 млрд куб метр суу топтолду

Токтогул суу сактагычында 10,2 млрд куб метр суу топтолду

“Ачык кабинет” долбоорунун алкагында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү учурда 10 млрд 200 млн куб метрге жеткенин билдирди.

Министрдин айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 700–750 млн куб метрге аз.

Ошол эле учурда аба ырайынын ыңгайлуу шарттары жана мөңгүлөрдүн активдүү эришинен улам суу агымы көбөйүп жатканын белгиледи. Күз-кыш мезгили башталганга чейин суу сактагычтагы суунун көлөмүн кеминде 11,5 млрд куб метрге жеткирүү пландалууда.

“Күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн суунун көлөмү 11,5 млрд куб метрден кем болбошу керек. Зарыл болгон запасты топтоо үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө”, — деди Алтынбек Рысбеков.

Министр белгилегендей, кырдаал акырындап жакшырууда. Эгер мындан бир жарым ай мурда өткөн жылга салыштырмалуу айырма 1,5 млрд куб метрди түзсө, учурда бул көрсөткүч 700–750 млн куб метрге чейин азайган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар