Бүгүн, 9-июлда “Asman Airlines” авиакомпаниясынын Бишкек — Раззаков багыты боюнча учуп чыккан учагы техникалык себептерден улам “Манас” эл аралык аэропортуна кайра конду.
“Кыргызстан аэропорттору” ААКнын маалыматына ылайык, учуу маалында экипаж аба кемесиндеги техникалык мүчүлүштүк тууралуу индикатор күйгөнүн байкаган. Коопсуздук талаптарын сактоо максатында учкучтар учакты өндүрүүчүнүн көрсөтмөсүнө ылайык кайра Бишкекке кайтаруу чечимин кабыл алышкан.
Маалыматта белгиленгендей, экипаж жана жердеги кызматтар бардык аракеттерди белгиленген нускамага ылайык аткарышкан. Аэропорттун өзгөчө кырдаал кызматтары алдын ала даярдыкка келтирилип, учак штаттык режимде ийгиликтүү конгон.
Компания жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугу башкы артыкчылык экенин белгилеп, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.
“Asman Airlines” түшүнүү менен мамиле кылган жүргүнчүлөргө ыраазычылык билдирет. Жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугу биздин негизги артыкчылыгыбыз болуп саналат”, — деп айтылат маалыматта.



