Австриянын борбору Вена шаарында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен “Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык тоо күн тартибин илгерилетүү: өнөктөштүк, эл аралык демилгелер жана Бириккен Улуттар Уюмунун ролу” аттуу эл аралык тегерек стол өттү.
Иш-чара Кыргызстандын Австриядагы элчилиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) биргелешкен уюштуруусунда өткөрүлдү. Ага Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, 27 мамлекеттин элчилери, дипломаттар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда эл аралык тоо күн тартибин илгерилетүү, көп тараптуу кызматташууну бекемдөө жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелер талкууланды. Ошондой эле 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык Тоо саммитине даярдык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш сапарынын алкагында Динара Кемелова Австриянын Улуттук кеңешинин төрагасы Вальтер Розенкранц, ЕККУнун Башкы катчысы Феридун Синирлиоглу, Австриянын мамлекеттик органдарынын жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууларда Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелерин алдыга жылдыруу, кызматташууну кеңейтүү жана Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык Тоо саммитин уюштуруу маселелери талкууланды.
Кыргыз тарап өнөктөштөрдү саммитке активдүү катышууга чакырса, Австриянын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тоо экосистемаларын коргоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдиришти.



