Башкы беткеПрезидентБаткенде быйыл 34 миң гектардан ашуун аянттан түшүм алынат

Баткенде быйыл 34 миң гектардан ашуун аянттан түшүм алынат

Баткен облусунда 2026-жылдын түшүмүн жыйноо өнөктүгү активдүү уланууда. Быйыл облус боюнча жалпы 34 миң 107,7 гектар аянттагы дан эгиндерин оруп-жыйноо пландалган.  Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Анын ичинен 12 миң 746,6 гектарына буудай, 11 миң 471,1 гектарына арпа, калган аянттарга жүгөрү, күрүч жана башка дан өсүмдүктөрү айдалган.

Учурда кылкандуу дан эгиндеринин 5 миң гектардан ашууну жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 32–34 центнерди түзүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Кадамжай районуна барып, оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл чарба адистери менен жолугуп, эгин талааларындагы жана үрөн чарбаларындагы иштерди көрүп чыкты.

Жолугушууда түшүмдү өз мөөнөтүндө жана коромжусуз жыйнап алуу, айыл чарба техникаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, түшүмдү сактоо жана кампаларга жайгаштыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле дыйкандарды күйүүчү-майлоочу материалдар, айыл чарба техникалары жана башка керектүү ресурстар менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл бурулду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар