Бул аптада Бишкекте абанын температурасы кескин жогорулап, күндүз +40 градуска чейин жетери күтүлүүдө.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, алдыдагы күндөрү аба ырайы төмөнкүдөй болот:
14-июль, шейшемби — күндүз +35°, түнкүсүн +22°;
15-июль, шаршемби — күндүз +38°, түнкүсүн +23°;
16-июль, бейшемби — күндүз +40°, түнкүсүн +24°;
17-июль, жума — күндүз +39°, түнкүсүн +26°;
18-июль, ишемби — күндүз +39°, түнкүсүн +26°;
19-июль, жекшемби — күндүз +39°, түнкүсүн +26°.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө өтө ысык аба ырайынын жаңы толкундары күтүлүп жатканын эскерткен. Уюмдун маалыматына ылайык, жай мезгилиндеги эң кооптуу ысык күндөр алдыда болушу мүмкүн.



