Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарованын атынан “Алтын балалык” балдардын ден соолугун чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга белектер берилди.
Бул кайрымдуулук акциясы Биринчи айымдын демилгеси менен жыл сайын уюштурулуп, балдарга көңүл буруу, камкордук көрсөтүү жана аларга жагымдуу маанай тартуулоо максатын көздөйт.
Быйыл “Алтын балалык” комплексинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8 миңге жакын бала эс алууда. Алар үчүн ден соолукту чыңдоо, эс алуу жана ар түрдүү иш-чараларга катышуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.



