Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда 90 объект сейсмикалык текшерүүдөн өттү

Кыргызстанда 90 объект сейсмикалык текшерүүдөн өттү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Сейсмологияга туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын июнь айында 90 курулуш объектисине техникалык корутунду берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, техникалык корутундулар имараттар менен курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана колдонуудагы техникалык ченемдерге шайкештигин текшерүүнүн негизинде даярдалган.

Адистер текшерүүнүн жүрүшүндө ар кандай багыттагы объектилерди, анын ичинде социалдык инфраструктурага тиешелүү имараттарды да изилдешкен.

Министрлик белгилегендей, техникалык корутунду даярдоодо имараттардын жана курулмалардын техникалык абалы комплекстүү бааланат. Анын жыйынтыгында объектти мындан ары коопсуз пайдалануу, реконструкциялоо же зарыл болсо бекемдөө боюнча чечимдер кабыл алынат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар