Башкы беткеМинистрлер кабинетиМаданий иш-чаралардын билеттери эми "Түндүк" аркылуу сатылат

Маданий иш-чаралардын билеттери эми “Түндүк” аркылуу сатылат

Жакында Кыргызстанда “Түндүк” платформасы аркылуу маданий мекемелердин жана иш-чаралардын билеттерин онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери менен жыйын өткөргөндө белгилүү болду.

Жыйында маданият тармагын санариптештирүү маселелери каралып, концерттерге, спектаклдерге жана башка маданий иш-чараларга билеттерди электрондук форматта сатуу системасын киргизүү талкууланды. Анын алкагында министрлик “Түндүк” платформасы менен интеграцияланган бирдиктүү электрондук билет системасын ишке киргизүүнү пландап жатканы айтылды.

Министрдин маалыматына ылайык, жаңы система жарандарга билеттерди өзүнө гана эмес, жакындарына да сатып берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле билет сатуудагы ортомчулар азайып, комиссиялык төлөмдөр да төмөндөйт.

“Түндүк” аркылуу концерттерге, спектаклдерге жана башка бардык маданий иш-чараларга билеттерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул система билет сатууда ортомчуларды азайтууну көздөйт. Азыр жеке платформалар кызмат көрсөтүү үчүн 10–12 пайызга чейин комиссия кармашса, мамлекеттик системада бул көрсөткүч 1–3 пайыздын чегинде болот. Бул каражат банктык төлөмдөрдүн чыгымдарын жабууга гана жумшалат. Алгач система ушул жылдын сентябрь айында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында сыноо иретинде ишке кирет. Долбоорду өлкө боюнча толук ишке киргизүү 2026-жылдын декабрь айына пландалууда”, – деди министр.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар