Садыр Жапаров 2-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолукту.
Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн маселелер талкууланды.
Мамлекет башчысы акыркы жылдары мамлекеттик бюджеттин кирешеси көбөйүп, салыктык жана бажылык башкаруу жакшырганын, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасы аймактардын өнүгүшүнө да таасир эткенин белгиледи.
Анын маалыматына караганда, Талас облусунда социалдык, билим берүү, маданий жана өндүрүш тармактарын камтыган 29 объекттин курулушу аяктаган. Мындан тышкары, Талас районунда объекттерди оңдоого, жолдорду өнүктүрүүгө, ичүүчү суу менен камсыздоого жана сугат иштерине 366 млн сом каралган. Бакай-Ата районунда 12 объектти капиталдык курууга 226 млн сом бөлүнгөн.
Президент өнөр жайды өнүктүрүү, Жерүй кенин өздөштүрүү жана жергиликтүү өндүрүштү колдоо жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджеттик кирешелерди көбөйтүүгө өбөлгө болорун айтты.
Саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорго да токтолду. Учурда Талас шаарында перинаталдык борбор курулуп жатат. Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы 25 орундуу оорукананын курулушу 74 пайызга аяктаган. Ал эми Бакай-Ата районунда 100 орундуу Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун курулушу жаңы башталган.
Мамлекет башчысы келерки жылы Талас облустук бириккен ооруканасынын 350 орундуу имаратын жана Талас, Манас, Айтматов райондорунун ар биринде 100 орундуу жалпы дарыгерлер практикалык борборлорун куруу пландалып жатканын билдирди.
Мындан тышкары, энергетиканы өнүктүрүү жана жаңы ГЭСтерди куруу маселелери көтөрүлдү.
Жергиликтүү бийлик жетекчилеринин баяндамаларын уккан соң Садыр Жапаров мектептерди, бала бакчаларды, спорт аянтчаларын куруу жана калкты таза суу менен камсыздоо маселелерин жакынкы жылдары пландын негизинде чечүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга райондор менен облустун ортосунда жана облус менен республиканын ортосунда үзгүлтүксүз автобус каттамдарын уюштуруу иштерин улантууну тапшырды.
Президент Бакай-Ата районунда кара өрүктү кайра иштетүүчү ишкананын курулушун колдоо керектигин да белгиледи.
Жолугушуу тургундардын суроолоруна жооп берүү менен уланды.


