Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 11-ноябрда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуучулар беш күн эс алышат. Каникул ишемби жана жекшемби күндөрүн кошкондо эсептелген.
Ал эми экинчи чейрек 16-ноябрда башталат.
Белгилей кетсек, биринчи класстын окуучулары үчүн окуу жылынын жүрүшүндө кошумча эки жумалык, экинчи класстын окуучулары үчүн бир жумалык каникул каралган.


