Агартуу министрлиги пенсия курагындагы мугалимдердин эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу социалдык тармактарда тараган билдирүүлөргө түшүндүрмө берди.
Министрликтин маалыматына караганда, ведомство педагогдорду жаш курагына карап басмырлоо саясатын жүргүзбөйт жана мындай кадамды пландаган эмес. Билим берүү тармагындагы бардык чечимдер Конституциянын, эмгек мыйзамдарынын жана эл аралык ченемдердин негизинде кабыл алынат.
Учурда өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын мугалим эмгектенип келет. Министрлик алардын көп жылдык тажрыйбасын, билимин жана билим берүү системасына кошкон салымын жогору баалай турганын белгиледи.
«Ошол эле учурда билим берүү системасында комплекстүү жана салмактуу мамилени талап кылган айрым кадрдык маселелер бар экендигин белгилей кетүү зарыл. Бул өзгөчө айрым аймактарга жана билим берүү уюмдарына тиешелүү.
Педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылгандан кийин билим берүү уюмдарына жумушка орношууга кызыкдар адамдардын, анын ичинде жаш адистердин саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу министрлик жаш адистерди тартуу менен тажрыйбалуу педагогдордун кесиптик дараметин сактоонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган кадр саясатынын ар кандай ийкемдүү механизмдерин кароодо.
Мында пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө жумуштан бошотуу маселеси каралып жаткан жок.
Тескерисинче, алардын кесиптик тажрыйбасын кыйла натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү изилденүүдө. Анын ичинде насаатчылык кылуу, жаш мугалимдерге усулдук жактан колдоо көрсөтүү, педагог-ассистент жана консультант катары иштөө, ошондой эле башка билим берүү программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү бар», – деп айтылат министрликтин түшүндүрмөсүндө.
Министрлик педагогикалык коомчулук, кесиптик бирликтер жана эксперттер менен диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.
Ведомство жаш жана тажрыйбалуу мугалимдерди бири-бирине каршы коюу максаты жок экенин белгилеп, негизги милдет — муундар ортосундагы кесиптик уланмалуулукту камсыз кылуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, министрлик коомчулукту такталбаган маалыматтарды таратуудан жана талкууланып жаткан демилгелер боюнча шашылыш тыянак чыгаруудан карманууга чакырды.


