Башкы беткеКоом3-ноябрда Бишкектин 7-кичи районунда суу убактылуу өчүрүлөт

3-ноябрда Бишкектин 7-кичи районунда суу убактылуу өчүрүлөт

3-ноябрда Бишкектин 7-кичи районунда саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү үйлөрдө суу болбойт: 33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43 жана 5Б.

Убактылуу чектөө турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине, социалдык жана өндүрүш объектилерине тиешелүү.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды жана мекеме-ишканаларды алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар