Ысык-Көл облусундагы жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана мал чарбачылыгы үчүн тоют базасын чыңдоо максатында бир катар иштер жүргүзүлүүдө.
Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык ишке ашырылууда. Анын жүрүшү менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу таанышты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпы аянты 10 млн гектарга жакын жайыт бар. Анын 180 миң гектары деградацияга учураган. Жайыттарды калыбына келтирүү программасынын алкагында кунарсыз жерлерге чөп үрөндөрү себилип, мал жебеген отоо чөптөргө каршы күрөш жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жайыттарды кезектешип пайдалануу каралган.
Бул багыттагы иштер Түп районундагы Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Сары-Булуң жана Ынтымак айылдарынын жайыттарында башталды. Анда кунарсыз жерлерге чөп үрөндөрү атайын техниканын жардамы менен себилди.
Мындан тышкары, алыскы жайыттарга жетүүнү жеңилдетүү үчүн Сары-Жаз жайлоосуна баруучу жолдо узундугу 140 жана 70 метр болгон эки көпүрө курулуп, 50–60 чакырым жол оңдолду.
Ошол эле учурда Сары-Жаз жайлоосунун ички жолдорунун 100 чакырымдай бөлүгүн жана Жаак жайлоосуна баруучу 12 чакырым жолду оңдоо зарылдыгы бар. Чымынды-Сай жайлоосунун баш жагына үч көпүрө, ал эми жазгы суулардан улам малчылардын көчүүсүнө тоскоолдук жараткан кокту-колотторго дагы 17 көпүрө куруу пландалууда.
Ошондой эле Түп районундагы Чымынды-Сай, Чаркудук жана Дөңгөлөк-Саз жайлоолорунун жалпы аянты 12 005 гектарды түзгөн жайыттарын натыйжалуу пайдалануу маселеси каралды. Аталган жайыттарды пайдаланып келген 97 жайыт пайдалануучуну 2027-жылдан тартып Сары-Жаз жайлоосуна көчүрүү пландалууда.
Бул аркылуу акыркы 30 жылдан бери пайдаланылбай келген жайыттарды кайрадан чарбалык жүгүртүүгө киргизип, жакынкы жайыттарга түшкөн малдын жүгүн азайтуу көздөлүүдө.
Белгилей кетсек, министрлик тарабынан жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү жана мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо боюнча атайын программа иштелип чыккан.


