Башкы беткеКоомБишкек – Шарм-эль-Шейх багыты боюнча каттамдар кышкы мезгилде токтотулат

Бишкек – Шарм-эль-Шейх багыты боюнча каттамдар кышкы мезгилде токтотулат

Египетте чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүү эрежелеринин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек – Шарм-эш-Шейх багыты боюнча 2026–2027-жылдардын кышкы мезгилиндеги бардык авиакаттамдар токтотулду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы каттам быйыл 5-ноябрда аткарылат.

“Буга чейин билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчаны кайтарып алуу, сапарды башка күнгө жылдыруу же альтернативдүү каттамдар боюнча маалымат алуу үчүн авиакомпанияларга жана туристтик операторлорго кайрылуу сунушталат”, – деп айтылат маалыматта.

Бул багыттагы авиакаттамдардын кайра жанданышы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар