Башкы беткеПрезидентТаласта беш жылда 11,8 млрд сомдук долбоорлор ишке ашырылды

Таласта беш жылда 11,8 млрд сомдук долбоорлор ишке ашырылды

Садыр Жапаров бүгүн Талас шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн мезгилде шаарда жалпы наркы 11,8 млрд сомду түзгөн бир катар ири долбоорлор ишке ашырылган.

Алардын катарында «Баластан» балдар оюн-зоок борбору, «Баатырлар» борбордук паркы, жаңыланган борбордук аянт жана К. Нуржанов атындагы аллея бар.

Мындан тышкары, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймактык филиалы жана «Акылман» президенттик лицейи да ачылган.

Аталган долбоорлор шаардын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар