Башкы беткеМаданиятКыргыз театрынын 100 жылдыгына карата эки томдук китеп жарык көрдү

Кыргыз театрынын 100 жылдыгына карата эки томдук китеп жарык көрдү

Кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата «Кылым карыткан кыргыз театры» аттуу эки томдук китептин бет ачары өттү. Иш-чара 2-ноябрда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде уюштурулду.

Ага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, театр ишмерлери, илимпоздор, маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрү катышты.

Эки томдук басылмада кыргыз театрынын түптөлүү тарыхы, өнүгүү баскычтары, улуттук театр искусствосунун калыптанышына салым кошкон инсандардын өмүрү жана чыгармачылык жолу камтылган.

Китептин бет ачарынан кийин «Европалык үлгүдөгү кыргыз театрына 100 жыл: тарых жана заманбап өнүгүү контекстинде» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Анда кыргыз театрынын тарыхы, бүгүнкү абалы, келечектеги өнүгүү багыттары жана эл аралык маданий байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар