Башкы беткеКоомЫсык-Көлдө түн ичинде жер титиреди

Ысык-Көлдө түн ичинде жер титиреди

Бүгүн түнкү саат 01:20да Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткенин Сейсмология институту маалымдады.

Адистердин маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Жетим-Бел тоо кыркасынын аймагында жайгашкан. Ал Арчалы айылынан 7 чакырым түндүк-батышта, Узун-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-чыгышта жана Бөкөнбаев район борборунан 47 чакырым түштүк-батышта болгон.

Арчалы айылында жер титирөөнүн күчү болжол менен 2 баллды түзгөн.

Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар