Башкы беткеМаданиятБишкекте Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бишкекте Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкек шаарында Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Тунгуч» залында өткөн иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев катышып, маданият өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал алардын шаардын руханий турмушун өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Мэр ошондой эле маданият объекттерин калыбына келтирүү жана жаңылоо багытында иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.

Салтанаттын жүрүшүндө тармактын бир катар мыкты кызматкерлерине Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Иш-чара майрамдык концерт менен коштолду. Анда Кыргыз Республикасынын эл артисттери Алтынай Нарбаева, Бакыт Ыбыкеев, эмгек сиңирген артист Каныкей Раймалиева, Алтынай Асанбекова, ошондой эле «Семетей» жана «Кыргыз-Руху» ансамблдери өнөр тартуулашты.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясынын Маданият башкармалыгынын тутумунда 1 500дөн ашуун кызматкер эмгектенет. Анын карамагында жети маданият үйү, А. Умуралиев атындагы драма театры, 39 китепкана, тогуз балдар искусство мектеби, сегиз музей жана 17 чыгармачыл жамаат бар.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар