Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкектеги 360 батирлүү турак жай комплексинин курулушун бүтүрүү үчүн инвестор тартуу сунушталды

Бишкектеги 360 батирлүү турак жай комплексинин курулушун бүтүрүү үчүн инвестор тартуу сунушталды

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкектин Көк-Жар конушундагы 360 батирлүү, бирок 2013-жылдан бери бүтпөй келе жаткан турак жай комплексинин үлүш ээлери менен жолукту.

Министрликтин маалыматына караганда, Молдокулов көчөсүндө жайгашкан объекттин курулушун «Кыргыз-Арабиан Альхнейзи» жана «ОППС Строй» компаниялары баштаган. Бирок ушул күнгө чейин иш аягына чыкпай, үлүш ээлеринин турак жай маселеси чечилбей келген.

Жолугушууда Нурдан Орунтаев курулушту бүтүрүү үчүн министрлик тарабынан инвестор тартуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Ал демилгенин негизги максаты мамлекетке пайда табуу эмес, жарандардын көйгөйүн чечип, турак жай комплексин пайдаланууга берүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде үлүш ээлери бул сунушту колдой турганын билдиришти. Алар объектти министрликтин карамагына өткөрүүгө макулдугун мыйзамда белгиленген тартипте расмий кат жүзүндө билдирип, тиешелүү кайрылуу жолдошорун айтышты.

Мындан тышкары, курулуш компанияларынын ишине укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн тиешелүү маалыматтар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар