Кыргызстанга эт багытындагы абердин-ангус породасындагы асыл тукум уйлардын кошумча партиясы жеткирилди. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында өлкөгө мурда алып келинген 300 баш асыл тукум мал фермерлер арасында суроо-талап жогору болгондуктан толугу менен сатылып кеткен. Фермерлердин талабын эске алуу менен малдын дагы бир партиясы алып келинген.
Асыл тукум мал сатып алууну каалаган фермерлер «Кыргыз Агрохолдинг» ААКка кайрыла алышат. Ошондой эле аларга жылдык 3 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Насыя 5 жылга чейин берилип, 12 айга чейинки жеңилдетилген мөөнөт каралган. 500 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз, ал эми 500 миң сомдон 20 млн сомго чейинки каражат күрөө менен берилет. Насыя алуу үчүн «АБанк» же «Элдик Банкка» кайрылуу керек.


