Кыргызстанда 8,4 миңден ашуун бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 16 106 бош жумуш орду сунушталган. Алардын 7 106сы аркылуу жумушсуз жарандар ишке орноштурулуп, учурда өлкө боюнча 8 450 бош жумуш орду калууда. Алардын басымдуу бөлүгүн жумушчу кесиптер түзөт.
Министрлик эмгек рыногунда жарандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Жыл башынан бери 3 451 жумушсуз жаран кесиптик окууга, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жөнөтүлгөн. Окутуулар ашпозчу, тигүүчү, бухгалтер, чач тарач, автоэлектрик, электр-газ ширетүүчү, сантехник, косметолог, массажист жана башка суроо-талап жогору адистиктер боюнча өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, акы төлөнүүчү коомдук иштерге 9 669 адам тартылып, ал эми иш менен камсыз кылуу кызматтарына жалпысынан 77 551 жаран кайрылган. Алардын 52 807си жумушка орношуу, эмгек мыйзамдары, кесип тандоо жана кесиптик окутуу боюнча кеңеш алышкан.
Министрлик мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтары жарандарга жашаган жери боюнча акысыз көрсөтүлөрүн эске салды.



