Кыргызстанда театрларга кызыгуу өсүп, көрүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында Т. Абдумомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театрынын ишмердүүлүгү менен журналисттерди тааныштырып жатып билдирди.
Министрдин айтымында, соңку жылдары театрлардын кирешеси да туруктуу өсүүдө.
“2024-жылы театр оюн-зоок мекемелеринде сатылган билеттерден жана ижарадан түшкөн киреше 7,7 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 107 млн сомдон ашкан. Ал эми бул көрсөткүч 2026-жылдын жарым жылында дээрдик 60 млн сомго жетти”, — деди ал.
Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, маданий иш-чаралардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында күз айларынан тарта театрлар аймактарды жана айылдарды кыдырып, спектаклдерди тартуулай баштайт.
Ошондой эле министр өлкө боюнча маданият үйлөрүн жаңылоо иштери этап-этабы менен жүрүп жатканын айтты. Анын айтымында, бул багыттагы иштер мектептер менен саламаттык сактоо мекемелерин жаңылоодон кийинки артыкчылыктуу багыттардын бири катары улантылат.



