Манас шаарында эл аралык талаптарга жооп берген жаңы спорт комплекси курулууда.
Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып, курулуш иштерин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Жалпы аянты 2,5 гектарды ээлеген комплексте 5200 көрүүчүгө ылайыкталган футбол аренасы, VIP-трибуна, төрт кабаттуу административдик корпус, бассейн, машыгуу аянтчалары, медициналык пункт, коомдук тамактануу жайлары жана унаа токтотуучу жай курулат.
Учурда объектте 92 куруучу эмгектенип, курулуш белгиленген график боюнча жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, долбоордун алгачкы этабы Манас шаарынын мэриясы тарабынан башталган. Кийинчерээк, 2026-жылдын март айында мамлекет башчысынын тапшырмасы менен курулуш иштерин жүргүзүү укугу Курулуш министрлигине өткөрүлүп, долбоорду “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы улантууда.



