Испаниянын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын алгачкы финалчысы болду. Жарым финалда испандар Францияны 2:0 эсебинде утуп, башкы беттешке жолдомо алышты.
Беттеш АКШнын Арлингтон шаарындагы AT&T Stadium стадионунда өттү. Оюндун 22-мүнөтүндө Микель Оярсабаль пенальтини так аткарып, эсепти ачты. Ал эми экинчи таймдын 58-мүнөтүндө Дани Ольмонун мыкты чыгаруусунан кийин Педро Порро топту дарбазага багыттап, эсепти 2:0 кылды.
Бул жеңиш менен Испания дүйнө чемпионатынын финалына чыкса, Франция 2018-жылдан бери алгачкы жолу турнирдин чечүүчү беттешине жете алган жок.
Финалда Испаниянын атаандашы Аргентина менен Англиянын ортосунда өтө турган экинчи жарым финалдык оюндан кийин аныкталат.
Эске салсак, 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө. Турнирдин финалы 19-июлда АКШнын Ист-Ратерфорд шаарында болот.



