Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн биринчи турдун алкагында документ кабыл алуу мөөнөтү 15-июль саат 21:00гө чейин узартылды.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдиргендей, мындай чечим техникалык себептерден улам кабыл алынды. Тактап айтканда, Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунда электр энергиясын берүүдө жаралган мүчүлүштүктүн кесепетинен бир катар маалыматтык платформалардын, анын ичинде “Абитуриент Online” системасынын ишинде үзгүлтүк болгон.
Министрлик бул чара бардык абитуриенттерге документтерин өз убагында тапшырууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү жана кабыл алуу өнөктүгүн үзгүлтүккө учуратпоо максатында көрүлгөнүн белгиледи.



