Башкы беткеКоомБаткенде жер титирөө катталды

Баткенде жер титирөө катталды

Бүгүн, 15-июлда саат 12:16да Баткен облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы маалымдады.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Кара-Шоро айылынан түштүк-чыгышты көздөй 12 чакырым, ал эми Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-батышты көздөй 53 чакырым аралыкта жайгашкан.

Силкинүү Кара-Шоро айылында 2,5 балл, Гайрат жана Кескен-Таш айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

ӨКМдин маалыматына ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар