18–19-июль күндөрү саат 19:00дө Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин искусство чеберлеринин концерти жана гала-концерти өтөт.
Маданий иш-чара Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында жана уюмга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынынын маданий программасынын негизинде уюштурулууда.
Концертке Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын чыгармачыл делегациялары катышат.
Көрүүчүлөргө ар бир өлкөнүн белгилүү чыгармачыл жамааттары жана өнөрпоздору улуттук музыкалык, вокалдык, аспаптык жана хореографиялык өнөрдүн мыкты үлгүлөрүн тартуулашат.
Иш-чарага каалоочулардын бардыгы катыша алат.



