2026-жылдын башына карата Кыргызстандын калкы 7 миллион 404 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бир жыл ичинде өлкө калкы 1,7 пайызга өскөн. Калктын өсүшү эң жогору Бишкек шаарында, Ош шаарында жана Баткен облусунда катталган.
Шаар калкынын үлүшү көбөйүп, учурда өлкө тургундарынын 42,3 пайызы шаарларда, 57,7 пайызы айыл жеринде жашайт.
2025-жылы Кыргызстанда 140,5 миң бала төрөлгөн. Ошол эле учурда төрөттүн жалпы көрсөткүчү төмөндөгөн. Орточо эне болуу жашы 28,5 жашты түзгөн.
Төрөттүн эң жогорку деңгээли Баткен облусунда катталып, миң тургунга 23,4 төрөлүү туура келген.



